Бишкекте кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүшү жылдан-жылга байкала баштады. Соңку жылы бул тармакта 652 жаңы субьект катталды.
Алардын ичинен 439 юридикалык жак жана 213 жеке ишкерлер түзөт. Бул көрсөткүчдөр Бишкек шаарынын экономикасынын туруктуу өсүп жатканын билдирет.
Кайра иштетүү өнөр жайы деп Нацстаткомдун методологиясы боюнча азык-түлүк, текстиль, химиялык продукция, металл өндүрүү, фармацевтика, компьютер жана электроника жабдууларын чыгаруу жана башка 10дан ашуун тармак кирет.
- Азык-түлүк жана ичимдиктерди өндүрүү, тамеки буюмдары
- Текстиль, кийим-кече, бут кийим, теринин продукциясын чыгаруу
- Агач жана кагаз продукциясын чыгаруу, полиграфиялык ишмердүүлүк
- Кокс жана тазаланган мунай продуктыларын өндүрүү
- Химиялык продукцияны өндүрүү
- Фармацевтикалык продукция
- Резина, пластмасса жана минералдык эмес продуктылар
- Негизги металлдар (алтын камтылган) жана металл продукциялары
- Компьютер, электрондук жана оптикалык жабдуулар
- Электр жабдууларын чыгаруу
- Машиналар, жабдууларды чыгаруу
- Транспорт каражаттарын өндүрүү
- Машиналарды ремонттоо жана орнотуу
2025-2026-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын экономикалык структурасында кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү өсүндү. Катталган жаңы ишканалар региондун ири өндүрүштөрүнүн санын көбөйттү.













