Салтка ылайык, Аскер-Деңиз Флотунун күнү июль айынын акыркы жекшембисинде белгиленет. Бул күнү деңиз флотунун ардагерлери чогулуп, өлкөнүн коопсуздугуна кошкон салымдарын эскеришет.

Ветерандар уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда деңиз флотторунда кызмат өтөгөн миңдеген адамдар бар.

Бул жарандар Балтика, Түндүк, Тынч океан жана Кара деңиз флотторунда кызмат өтөшкөн.