Илон Маск өзүнүн SpaceX жана Tesla компанияларынын акцияларынын баасы түшкөндөн кийин триллионер статусун жоготту. Анын байлыгы бир триллион доллардан азайгандыгы кабарланды.
Бул билдирүү X социалдык тармагында 25 миллионго жакын көрүү топтоду.
Маск биринчи жолу 12-июнда SpaceX биржага чыккандан кийин дүйнөдөгү биринчи триллионер болгон. Forbes басылмасынын баамында, SpaceX IPO болгон күнү анын байлыгы болжол менен 1,1 триллион долларды түзгөн. Ракета-космос компаниясындагы үлүшү анын капиталынын негизги булагы болуп калган.
Бирок 24-июнга карата SpaceX акцияларынын төмөндөшүнөн улам ишкердин байлыгы болжол менен 962 миллиард долларга чейин кыскарган. Кийинчерээк Маск кыска убакытка триллионер статусун кайтарып алган, бирок SpaceX жана Teslaнын баасынын андан ары төмөндөшү анын капиталын кайрадан азайткан.
Forbes журналынын 24-июлдагы акыркы баамында, Масктын байлыгы 725,1 миллиард долларды түзгөн. Жоготууларга карабастан, ал дүйнөнүн эң бай адамдарынын рейтингинде биринчи орунду ээлеп келет.




