Талас облусунун Талас районундагы Жон-Арык айылында 5-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында үч автоунаа катышкан жол кырсыгы болду. Милициянын маалыматы боюнча, Toyota Camry, Honda Accord жана Kia Morning үлгүсүндөгү унаалар кагышышкан.

Кырсыктын кесепетинен беш киши каза тапты. Алардын үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү: жубайлар жана алардын биринин энеси. Дагы эки киши экинчи унаанын ичинен каза болгон, экөө тең эркектер.

Кагышуудан кийин Honda Accord унаасы даракка сүзүлгөн. Анын айдоочусу жаракат алганы маалымдалды.

Учурда окуянын жагдайлары такталып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.