Бишкек электр тармактар ишканасынын маалыматы боюнча, 30-октябрда, жума күнү, борбор калаанын айрым райондорунда электр энергиясы пландуу түрдө өчүрүлөт. Өчүрүүлөр оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу жүргүзүлөт.

Чыгыш РЭС

Саат 09:30дан 12:00гө чейин Лермонтов жана Кольбаев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө жарык өчөт. 09:30дан 17:00гө чейин Достоевский, Фрунзе, Кишиневская көчөлөрүнүн бөлүктөрү, «Рухий-Мурас» конушундагы 7-көчө, «Төмөнкү Токольдош» конушундагы Менделеев жана Чынар көчөлөрү жарыксыз калат.

Саат 12:00дөн 16:00гө чейин «Кара-Жыгач» конушундагы Багыш көчөсүндө, ал эми 13:00дөн 16:00гө чейин Ворошилов көчөсүнүн 5, 10, 11, 15, 17, 19, 21-үйлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт.

Батыш РЭС

Саат 09:00дөн 12:00гө чейин Султан Боронбай, Репин, Ахунбаев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, ошондой эле Муромская, Гагарин, Айни, Дагестан көчөлөрүнүн жана Драгобычский өткөөлүнүн бөлүктөрүндө жарык өчүрүлөт. 09:00дөн 14:00гө чейин Садырбаев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн бөлүктөрү жарыксыз калат.

09:00дөн 17:00гө чейин Дэн Сяопин проспектисинин, Абдраев, Патрис Лумумба, Жамгырчинов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, ошондой эле Матыев, Асаналиев, Лев Толстой, Абдыкадыров, Красная, Леваневский, Каракол, Ногин көчөлөрүнүн, Украинский жана Барнаульский өткөөлдөрүнүн бөлүктөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Саат 12:00дөн 17:00гө чейин «Арча-Бешик» конушундагы Бадахшан жана Ак-Марал көчөлөрү жарыксыз калат.

Түндүк РЭС

09:00дөн 15:00гө чейин Осмонкул көчөсүндө жана «Кайыңды» конушундагы Керамикалык көчөсүндө жарык өчөт. 09:00дөн 17:00гө чейин Пригородное айылындагы Гагарин жана Жаңы көчөлөрүндө, ал эми 11:00дөн 17:00гө чейин «Аска-Таш» конушундагы Месарош/Профсоюзная көчөсүндө электр энергиясы өчүрүлөт.

Аламүдүн РЭС

09:00дөн 13:00гө чейин Кой-Таш айылындагы Кул у. Кытай, Аблесов, Долбоорлоо, Ракишев көчөлөрүндө, «Медик» бакчачылык шериктештигинде, ошондой эле Кой-Таш, Мурзалиев, Кыдыралы у. Курман, Сегизбаев, Жаңы, Тоо көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. Арашан айылындагы Бектембаев, Долбоорлоо, Стройка, Сатыбеков, Аламедин, Исабеков, Байчечекей, Дача, Новостр көчөлөрүндө да ушул эле убакытта электр энергиясы өчүрүлөт.