Министрлик тарабынан пландалган курулуш жана оңдоо иштеринин алкагында 1800 чакырымга жакын автомобиль жолдору толугу менен асфальтталды. Бул тууралуу иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү болду.
Иш-чара автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулду. Ага тармактын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана адистер катышты.
Жолдордун ачылышы онлайн форматта өттү
Министр Талантбек Солтобаев менен президенттин атайын өкүлү Бакыт Торобаев жаңы асфальтталган жолдордун ачылышына онлайн катышып, куруучуларга ыраазычылык билдиришти.
Бул долбоор өлкөнүн жол инфраструктурасын жакшыртуу жана аймактардын ортосундагы байланышты бекемдөө максатында ишке ашырылды. Толук асфальтталган 1800 чакырым жолдор айылдар менен шаарлардын ортосундагы каттамдарды ыңгайлуу кылат.

















