Улуу Ата Мекендик согуш учурунда миңдеген кыргызстандыктар майданга кетип, алардын айрымдарынын тагдыры бүгүнкү күнгө чейин белгисиз бойдон калууда. Бирок кээде эң оор жоготуулардан кийин күтүлбөгөн жакшы кабарлар да келип турат. Ошондой окуялардын бири Кемин районунун Кичи-Кемин айылында болгон.
№5 китепкананын башчысы Роза Норузбаеванын айтымында, 1944-жылы Тайтакенин уулу Абдраимдин үй-бүлөсүнө уулу Абдыкеримдин курман болгондугу тууралуу кара кагаз келген. Туугандары аны жоктоп, куран окутушкан, ал эми 1946-жылы ашын да беришкен. Ал кезде каражаты барлар эчки союп, жоктор боорсок бышырып, куран окутушкан.
Күтүлбөгөн кайтып келүү
Бир нече жыл өткөндөн кийин, 1952-жылдын жайында, түн ичинде Абдраимдердин терезесин бирөө каккылайт. Үй-бүлө мүчөлөрү тыңшап көрүшсө, терезенин артынан: "Бул менмин, Абдыкерим" деген үн угулат. Энеси коркуп кетип, жакасынан кармап ордуна отуруп калат. Уулунун "Эшикти ачкыла, мен кайтып келдим, эмне болду силерге, мен тирүүмүн" деген сөздөрүн укканда гана эшикти ачышат — чындыгында эле ал алардын уулу Абдыкерим болуп чыгат.
Абдыкерим 1943-жылы согушка кетип, Түркмөнстандагы Мары шаарында алты айлык аскердик даярдыктан өткөн. Лейтенант наамында пулемёттук ротанын командири катары Дондун жээгинен тартып Австрияны бошотууга чейинки салгылашууларга катышкан.
Австриянын бир шаарын бошотуп жатып, ал өзүнүн жоокердик жолдошун — октон курман болгон кыргыз жигитин жоготкон. Аны көмүүгө мүмкүнчүлүк болбой, жоокердин үстүнө Абдыкеримдин ысымы жазылган шинель жабылган. Көрсө, кара кагаздын келишине дал ушул окуя себеп болгон окшойт.
Роза Норузбаева буга чейин да айылдын тарыхы жана анын тургундарынын тагдырлары, анын ичинде айылга "кара каттарды" тараткан Аалы аксакал жөнүндө да маалымат бөлүшкөн.












