Жогорку соттун маалыматына ылайык, бул сервистер сот тутумундагы ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана процесстерди автоматташтырууга багытталган.
Судьялардын ишмердүүлүгүн баалоо платформасы
Судьялардын кесиптик ишмердүүлүгүн баалоо платформасы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин kenesh.sot.kg порталында жайгаштырылган. Анын негизги максаты — жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин жыйынтыктарын бирдиктүү система аркылуу эсепке алуу жана баалоо.
Платформа кесиптик баалоо процессин автоматташтырууга, субъективдүү мамиленин тобокелдиктерин азайтууга жана статистикалык маалыматтарды жалпылоого багытталган. Баалоо кесиптик, жеке жана социалдык компетенциялар боюнча жүргүзүлүп, эң жогорку көрсөткүч 100 баллды түзөт.
Ошондой эле система соттук актыларды автоматтык түрдө туш келди тандоо жана сот отурумдарынын видеожазууларын талдоо сыяктуу объективдүү текшерүү механизмдерин камтыйт. Баалоо үчүн төрт жылдык мезгилдеги маалыматтар эске алынып, судьянын бирдиктүү санариптик иши түзүлөт.
Жарандар үчүн онлайн жазылуу
Экинчи сервис жарандарга Жогорку соттун жетекчилигинин жеке кабыл алуусуна белгиленген иш графигине ылайык аралыктан жазылууга шарт түзөт. Электрондук арыздарды иштеп чыгуу кайрылууларды системалаштырууга, уюштуруу иштерин жеңилдетүүгө жана жарандар менен иштөөнү жакшыртууга багытталган.
Маалыматка ылайык, эки платформа тең Жогорку соттун Аппаратынын Маалыматтык технологиялар башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.

















