Президент Кыргыз Республикасынын «Конституциялык сот жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Бул түзөтүүлөр Конституциялык сотко кайрылууларды кароо, иштерди даярдоо жана соттун чечимдерин аткаруу тартибин жөнгө салат.

Мындан ары Конституциялык сотко кайрылуу ыйгарым укуктуу адамдын колу коюлган жазуу түрүндө же регламенттин талаптарына ылайык электрондук түрдө берилиши мүмкүн.

Документ ошондой эле келип түшкөн кайрылууларды кароо процедурасын иретке келтирди. Конституциялык соттун төрагасы кайрылууну текшерүүнү соттордун бирине тапшырууга тийиш. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим документ катталган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен, отурумга катышкан соттордун көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Иштерди судья-баяндамачы тарабынан кароого даярдоо мөөнөттөрү белгиленди. Бул иштин категориясына жараша эки жумадан эки айга чейин созулушу мүмкүн.

Айрым категориядагы иштерди жазуу жүзүндө кароо тартиби мыйзамдаштырылды. Мисалы:

  • Конституцияны расмий чечмелөө боюнча иштер,
  • эл аралык келишимдердин конституциялуулугун текшерүү,
  • мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаш-тартыштар,
  • Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорлоруна корутунду берүү,
  • Президентке каршы айыптоону коюу тартибин сактоо,
  • конкреттүү ишти чечүүгө байланыштуу ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө судьялардын өтүнүчтөрү,
  • Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароо,
  • Конституциялык соттун чечимдерин жана корутундуларын түшүндүрүү.