21-ноябрда жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун алкагында жалпы республикалык тестирлөө (ОРТ) өткөрүлүүсүнүн акыркы күнү болот. Бул тууралуу Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу ыкмаларын борбору (ЦООМО) билдирди.

Борбордун маалыматы боюнча, ОРТга катталган, бирок кандайдыр бир себептерден улам 20-ноябрда тест тапшыра албаган абитуриенттер 21-ноябрда сөзсүз түрдө тестирлөө борборлоруна келиши керек.

Тест кайсы жерде өтөт?

  • Бишкек шаарындагы Бишкек мамлекеттик университетинин башкы корпусунда
  • Ош шаарындагы №42 «Керме-Тоо» жалпы билим берүү мектебинде

Учурда кышкы кабыл алуу алкагында 20 жогорку окуу жай абитуриенттерди кабыл алууга даяр болууда.