Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянса, Ошто банктык карталарды мыйзамсыз сатуу менен шектенген кошуна мамлекеттин сегиз жазаны кармашты.
Укук коргоочулар Ош шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында белгисиз адамдар жарандардан банктык карталарды жана алардын маалыматтарын сатып алуу менен алектенп жатканы тууралуу маалымат алышкан.
Тергөөчүлөрдүн болжолу боюнча, сатып алынган карталар онлайн-казинолордон акчаларды кабыл алуу, которуу жана андан кийин накталайлоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле, бул карталар Telegram-каналдар аркылуу алдамчылык иштерине аралашкан адамдарга кайра сатылган.
- 2026-жыл, 2-ноябрь
Ош шаардык ИИБга маалымат катталды
- 2026-жыл, 17-ноябрь
Төрт эркек жана төрт аял кармалды
Кармалган адамдар Кыргызстанга «Достук» өткөрүү пункту аркылуу киришкен. Алар төрт коммерциялык банктан өз атына карта ачып, аларды кийин мыйзамсыз сатууну көздөшкөн.
Алуу учурунда кармалган жарандардын мобилдик телефондору, паспорттору, банктык карталары жана SIM-карталары далил катары алынды. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.







