Бишкектеги "Дордой" базарындагы контейнерлер жөн гана соода жайлары эмес, Кыргызстанды Кытай, Түркия, Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия менен бириктирген чоң логистикалык системанын өзөгүн түзөт. Бул жыйынтыкка Лейбниц атындагы Заманбап Чыгыш таануу борборунун изилдөөчүсү Клаудиа Эггарт келди.
Ал "Дордой" базарында 10 ай бою этнографиялык изилдөө жүргүзүп, соодагерлердин ишин байкап, алардын контейнерлерди күнүмдүк турмушта кантип колдонгонун изилдеген.
Изилдөөчүнүн пикири боюнча, контейнер алгач глобалдык сооданын стандарттуу жана мобилдүү элементи катары түзүлгөн. Бирок, базарда орнотулгандан кийин ал жөн гана металл конструкциясы болбой, жергиликтүү шарттарга ыңгайлашат.



