Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Азамат Жамангуловду санариптик өнүктүрүү жана инновация министрлигинин министри кызматынан бошотту. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы тастыктаган.

Бирок Санариптик өнүктүрүү министрлиги өзү 30-апрелде жоюлуп, анын милдеттери президенттик аппараттын башкармалыгына өткөрүлгөн.

Азамат Жамангулов болсо өз арызынын негизинде кызматынан кеткенин, мындан кийин эч кандай кызматты ээлебей турганын билдирди. Ал жоюлган министрликтин иштери башка ведомствого өткөрүлүп жатканын айтты.