Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык аймагында кичи гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу долбоору башталды. Бул тууралуу райондун акими Эрмек Бахавадинов билдирди.
Акимдин айтымында, долбоор электр энергиясын иштеп чыгуу жана өлкөнүн энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт. Инвестициялык долбоорду «Бишкек Строй Конструкция» жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырып жатат.
Долбоорду каржылоодо Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду катышып жатат. Курулуш иштерине даярдык көрүү үчүн 5,5 гектар жер тилкеси ижарага алынып, тиешелүү укуктук документтер алынган. Ошондой эле топографиялык жана гидрологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, техникалык-экономикалык негиздер даярдалган.
Азыркы учурда мамлекеттик экологиялык экспертизадан, токой чарбасы жана шаар куруучулук документтерден оң корутундулар алынган. Эл аралык консультанттардын катышуусу менен кичи ГЭСтин жумушчу долбоору иштелип чыгып, ал мамлекеттик экспертизадан өткөн.




















