16-ноябрда Бишкектин «Восток-5» районундагы коомдук транспорттун токтоочу жайынын жанында окуя болгон. Электроскутер тротуардан үйүнө карай бараткан 11 жашар кызды кагышып алган. Айдоочу окуядан кийин жабырлануучу баланы таштап, ошол бойдон качып кеткен.
Жабырлануучу кыздын энеси милицияга расмий арыз менен кайрылган. Бул факты боюнча Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Свердлов райондук ИИБнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, кыздын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Текшерүүнүн жыйынтыгында жана болгон окуяны изилдөөдөн кийин республиканын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берилет.
Эмне белгилүү
- Окуя 16-ноябрда болгон
Азырынча белгисиз
- Электроскутер айдоочунун ким экени белгисиз












