Кыргызстандын бардык региондорунан келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн 100дөн ашык өкүлү суу менен камсыздоо жана сууну чыгаруу тарифтерин түзүү боюнча практикалык тренингге катышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тренинг 19–20-ноябрда Ысык-Көл облусунда өттү. Аны министрликтин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана сууну чыгарууну өнүктүрүү департаменти бардык адамдарды суу менен камсыздоо жана санитарияга жеткиликтүүлүк программасынын алкагында уюштурду.

Катышуучулар профилдик департаменттин, Экономика жана коммерция министрлигинин жана Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү менен бирге тарифтерди негиздөө, бекитүү жана колдонуу маселелерин карашты. Ошондой эле эл аралык эксперттер Кыргызстанда колдонууга мүмкүн болгон чет өлкөлүк тажрыйбаларды сунушташты.

  • Электр энергиясына кеткен чыгымдар
  • Тармактарды тейлөө жана учурдагы оңдоп-түзөө иштери
  • Суунун сапатын көзөмөлдөө
  • Суунун жоголушун азайтуу
  • Төмөн кирешеси бар үй-бүлөлөр үчүн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн сактоо
Экономикалык жактан негизделген тарифтер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз убагында төлөө ишканаларга системаларды пландалган түрдө тейлөөгө жана аварияларды жоюуга мүмкүндүк берет.
Зарылбек Каратаев, Ичүүчү суу менен камсыздоо жана сууну чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору

Иш-чаранын жыйынтыгында райондордо кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин пландары иштелип чыкты.