Республикалык бюджеттин долбоорун ишкерлер менен бирдей Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулагандай эле талкуулоо зарыл. Бул тууралуу ишкердик чөйрөсүндөгү эксперт Даниел Маниязов радио эфирүндө айтты.
Маниязовдун белгилөөсүнчө, Жогорку Кенеш салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ишкерлердин катышуусу менен парламенттик угууларды өткөрөт. Ал ушундай тажрыйбаны бюджеттик чыгымдарды пландаштыруу процессине да жайылтууну сунуштады. Себеби, мамлекеттик кызматкерлер байкабай калган маселелерди бизнес өкүлдөрү жакшы көрүшү мүмкүн.
Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлору ачык-айкын процедуралар менен ишке ашырылышы керек. Мамлекет өнөктөштү кантип тандаганын жана инвестициялык келишим кайсы шарттарда түзүлөрүн ачык түшүндүрүп бериши зарыл деп эксперт баса белгиледи.
Ишкердин айтымында, ири компаниялар өндүрүштү кеңейтүүгө даяр, бирок ага кымбат жер жана салыктык жүк тоскоолдук кылууда. Жеңилдиктерди берүү жумуш орундарын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Бизнес ассоциациясынын катышкан изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, кызматтарды онлайн форматка өткөрүү менен ишкерлер салык кызматына барууга кеткен убактысын азайтышты.





