Ак-Суу районундагы смородина өстүрүүчү фермерлер өз ара тажрыйба алмашуу иштерин өткөрүштү. Turmush корреспондентинин билдирүүсүнө ылайык, иш-чаранын алкагында адистер түткүндөрдөн коргонуу жана өсүмдүктү туура өстүрүү маселелери боюнча консультацияларды беришти.
Дыйкандар тоолуу шарттарда көчөттөрдү кантип туура отургузуу жана аларды кантип күтүү керектиги боюнча маалымат алышты. Алар өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоонун натыйжалуу жолдорун талкуулашты.
Ак-Суу районундагы көрсөткүчтөр
Аймактагы фермерлер жергиликтүү климатка ылайыкташкан жана түшүмдүүлүгү жогору болгон өзгөчө сортторду өстүрүүнү артыкчылыктуу деп эсептешет. Алардын арасында «Алтайская десертная», «Капитан», «Иссык-Кульская», «Ядрёная» жана «Мурут» («Золотистая») сыяктуу сорттор бар.


















