Япониядан келген делегацияны белгилүү медиа сүрөтчү, изилдөөчү жана Цукуба университетинин доценти Очиаи Ёити жетектеди. Делегациянын курамына Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Япониядан жана Кыргызстандан өкүлдөрү, анын ичинде агенттиктин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро да кирди.

Конокторго Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасы, улуттук салттары жана музей экспонаттары менен таанышуу үчүн экскурсия уюштурулду.

Ошондой эле катышуучулар салттуу искусство менен заманбап санарип технологияларын айкалыштыруу мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги тууралуу пикир алмашышты.