Мамлекеттик органЭскерүүлөр: 5

Тон районунун 90 жылдыгына арналган республикалык айтыш өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген акындарды бириктирип, улуттук баалуулуктарды даңазалады. Иш-чаранын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түздү.

Өзбекстандын чыгармачыл делегациясы 27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган Өзбекстандын маданият күндөрүнө катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Конокторду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары тосуп алды.

Ырысгүл Изатова, Максат Жангазиев жана Мелис Маматжанов Азербайджандын Шуша шаарында өткөн түрк дүйнөсүнүн жаш поэтторунун эл аралык фестивалында лауреат наамына ээ болушту. Бул иш-чара түрк дүйнөсүндөгү маданий байланыштарды бекемдөөгө жана поэзиянын өнүгүшүнө көмөктөшөт.

21-июлда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин Жолу» аттуу китептин кыргыз тилиндеги басылмасынын презентациясы өтөт. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпус өкүлдөрү, окумуштуулар, маданият кызматкерлери, жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен студенттери катышат.
Бул объект жөнүндө бир нерсе билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир Story ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.