Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Кыргызстандын музей жетекчиси Назгуль Омурзакова Япониянын Тэйкё университетинин маданий мурастарды иликтөө институтунун жетекчилиги жана адистери менен жолугушту.

Жолугушууга институттун директору профессор Кадзуя Ямаути, консервация боюнча профессор Акира Фудзисава, тарыхчы доцент Сигэо Сайто жана башка адистер катышышты. Алар Ак-Бешим шаарчасынын археологиялык изилдөөлөрү үчүн Кыргызстанга келишкен.