Кыргызстандын авиациялык тармагын кеңейтүү жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү үчүн жаңы багыттар каралып жатат. Бул маселе «Аэропорттор Кыргызстан» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов менен Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү агенттигинин директору Эдуард Кубатовдун ортосундагы жолугушуунун жыйынтыгында чечилди.

Меморандумга ылайык, тараптар жаңы учуу багыттарын ишке киргизүү жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү боюнча биргелешип иштешет. Жаңы каттамдар Европа, Азия жана Орто Чыгыш өлкөлөрүнө багытталат.

Кандай шаарларга учуулар күтүлүүдө?

Аталган багыттардын ичинен Милан, Франкфурт, Берлин, Париж, Будапешт, Прага, Лондон, Брюссель, Токио жана Сингапур сыяктуу ири борборлор эң перспективдүү катары белгиленди. Жаңы каттамдардын ишке кирүү мөөнөттөрү азырынча такталган эмес.