Кыргызстан 2026-жылдын июнунан тартып Европа биримдигинин кара тизмесинен чыгарылды. Бул сертификацияланган авиакомпанияларга Евробиримдиктин 27 өлкөсүнө түз каттамдарды аткарууга жол ачат, ошондой эле чет элдик аба кемелерин кабыл алууга мүмкүндүк берет. Европа асманындагы тыюу 20 жыл бою күчүндө болгон.
Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Данияр Бостоновдун айтымында, өлкө Улуу Британия менен АКШнын аудитине даярданып жатат. Ийгиликтүү өтсө, Британия жана АКШ багыттары боюнча дагы чектөөлөр алынышы мүмкүн.
Түз каттамдар менен жетүүгө боло турган өлкөлөр
"Кыргызстан аэропорттору" ААКнын маалыматы боюнча, ноябрь айына карата төмөнкү багыттар боюнча учактар каттайт:
- Түркия (Анкара, Анталья, Стамбул)
- Казакстан (Алматы, Астана)
- Азербайжан (Баку)
- Индия (Дели)
- Кытай (Гуанчжоу, Пекин, Сиань, Урумчи, Чэнду)
- Сауд Арабиясы (Жидда, Даммам)
- Тажикстан (Дүйшөмбү)
- БАЭ (Дубай, Шаржа)
- Россия (Екатеринбург, Казан, Красноярск, Махачкала, Москва ("Внуково", "Домодедово", "Шереметьево"), Новосибирск, Санкт-Петербург, Сочи, Сургут, Тюмень)
- Пакистан (Исламабад, Лахор)





































