Билим берүү жана окутуу ыкмаларын баалоо борборунун маалыматына ылайык, бул жолу тестирлөөгө жалпысынан 1517 адам катышты. Алардын ичинен 837 талапкер орус тилинде, ал эми 680 бүтүрүүчү кыргыз тилинде тест тапшырууну тандаган. Тестирлөөнүн орточо көрсөткүчү 115 баллды түздү.}}{"type":"stats","data":{"title":"Тесттин жыйынтыгы","items":[{"value":"221","label":"эң жогорку балл"},{"value":"54","label":"эң төмөнкү балл"},{"value":"115","label":"орточо балл"},{"value":"780","label":"босогону ашкан адам"}]}},{

Тил боюнча жыйынтыктарды карап чыксак, орус тилинде тапшырганлардын орточо натыйжасы 121,8 балл болсо, кыргыз тилинде тапшырган талапкерлерде бул көрсөткүч 106,7 баллду түзөт.

Кышкы кабыл алуу тартиби

Айта кетүү керек, 2027-жылдын 14-январынан 23-январына чейин жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт турду түзөт. Бул тапшыруу учурунда 20 окуу жай гана контракттык негиздеги бош орундарга талапкерлерди кабыл алат.