Коммерциялык банктар тарабынан берилген ипотекалык насыялардын жылдык пайызы 16%дан 20%га чейин жетет. Бул көрсөткүч көптөгөн кыргызстандыктар үчүн өз үйүн алууну мүмкүн эмес кылып салууда. Жогорку Кенештин депутаты Болотбек Борбиев парламенттин отурумунда бул маселени көтөрүп, ипотеканы арзандатуу боюнча чараларды иштеп чыгууну сунуштады.

Мамлекеттик ипотекалык компания төмөнкүдөй пайыздык ченемдерди сунуштайт:

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ченемдери

4пайыз
6пайыз
8пайыз

Депутаттын айтымында, мамлекеттик программалар аркылуу үй алууга ондогон миңдеген жарандар кезекте турушат. Ошол эле учурда, мамлекеттик банктар дагы ипотеканы жылдык 16 пайыз менен берип жатат.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров банктардын жогорку пайыз койгонуна себептерди түшүндүрүп берди. Анын айтымында, банктар акча каражаттарын тартуу үчүн калктын депозиттерине 13%дан 15%га чейин пайыз төлөйт. Мындан тышкары, насыя ченемдерине банктын иштөө чыгымдары, мисалы, кызматкерлердин эмгек акысы да кошулат.

Депозиттин пайызы13%15% +2 п.п.

Булак: НБ КР

Мамлекеттик банктар калктын каражаттарын 12%дан 14%га чейинки пайыз менен тартып жатканы да насыялардын баасына таасир этет.