Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар жарандык авиация тармагындагы кызматташуунун келечегин, эл аралык аба каттамдарын кеңейтүүнү, аэропорт инфраструктурасын модернизациялоону жана кыргыз авиакомпанияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар андан аркы өнөктөштүккө кызыкдар экенин билдиришти. Келишимдерге кол коюу же конкреттүү долбоорлорду ишке киргизүү тууралуу маалымат берилген жок.

Жеймс Хоган мурда Etihad Airways жана Etihad Aviation Group компанияларын жетектеген. Учурда ал авиация тармагында консультациялык кызмат көрсөткөн Knighthood Global компаниясын башкарат.

Авиация тармагындагы акыркы өзгөрүүлөр

Эске салсак, 2026-жылдын июнь айында Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык кара тизмесинен чыгарылган. Буга чейин кыргыз авиакомпаниялары 2006-жылдан бери аталган тизмеде турган. Бул чечим кыргыз авиакомпанияларына зарыл талаптарды аткарган шартта ЕБ өлкөлөрүнө каттамдарды аткарууга мүмкүнчүлүк ачты.

16-октябрда президент Садыр Жапаров жаңы авиакомпанияларды каттоого жана эксплуатант сертификаттарын берүүгө мораторийди жокко чыгарган жарлыкка кол койгон. Чектөө 2024-жылдын ноябрынан бери күчүндө болчу.

Мындан тышкары, Кыргызстан европалык авиакомпаниялар менен түз аба каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 27-октябрда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов билдиргендей, Варшава, Франкфурт жана Европа Биримдигинин башка шаарларынан багыттар каралууда.