Азыркы учурда Европанын ири аэропорттору менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Атап айтканда, Франкфурт, Мюнхен, Прага, Милан, Лондон жана Будапешт шаарлары менен авиациялык байланыш орнотуу маселеси талкууланууда. Бул процесске Кыргызстандын жарандык авиациясынын жана аэропортторунун жетекчилери катышып жатышат.
Авиация тармагындагы өнүгүү жаңы этапка өтөт. 2027-жылы Asman Airlines авиакомпаниясы биринчи жолу ири өлчөмдөгү учактарды кабыл алат. Бул жаңы техниканын келиши менен кыргызстандык авиакомпаниялар өз алдынча эл аралык багыттарды ачууну пландап жатышат.
Иштин алгачкы кадамы катары Европанын ири авиакомпанияларынын, атап айтканда Lufthansa, Air France жана British Airways компанияларынын Кыргызстанга каттамдарын ачуу күтүлүүдө. Кийинки этапта кыргызстандык авиациялык компаниялар Европа шаарларына учууну баштайт.
Мен 2027-жылы Кыргызстандын Европага беш түз маршруту ачылат дегенге терең ишенем.
Европадан тышкары, авиациялык каттамдарды кеңейтүү пландары Азия мамлекеттерин да камтыйт. Анын ичинде Токио, Сеул жана Сингапур шаарлары менен түз авиациялык байланыш орнотуу каралууда.



















