Салтанаттуу азем 2-ноябрь күнү «Тунгуч» залында өттү. Анда ШКУ саммити менен VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө олуттуу салым кошкон кызматкерлер сыйланды. Сыйлыктарды Бишкек мэри Айбек Жунушалиев тапшырды.
Шаар башчысы эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүдөгү кесипкөйлүгү, жоопкерчиликтүү мамилеси жана кошкон салымы үчүн кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.
«Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Көчмөндөр оюндарын уюштуруу — бул жогорку кесипкөйлүктү, ырааттуу ишти, уюштуруучулук жөндөмдү жана чоң берилгендикти талап кылган масштабдуу жана жооптуу милдет. Ар бириңиз бул маанилүү эл аралык иш-чаралардын ийгиликтүү өтүшүнө салым коштуңуз. Аткарылган иштериңиз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Эмгегиңиз ар дайым татыктуу бааланып, алдыда жаңы кесиптик жетишкендиктер жана ийгиликтер күтүп турсун!» — деп белгиледи мэр.
Сыйлоо аземинин алкагында Бишкек мэриясынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери мэриянын атынан Ардак грамоталар жана баалуу белектер — кол сааттар менен сыйланышты.
































