Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар комитетинин жыйынында Акыйкатчы Джамиляя Жаманбаева 2025-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө доклад сунуштады.

Анын айтымында, эркинен ажыратылган адамдардын укуктарын коргоо жаатында 2025-жылы Институт Акыйкатчы 328 текшерүү жана мониторинг өткөргөн. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө 190 арыз келип түшкөн, анын 56сы кыйноо фактылары боюнча.

2025-жылдын негизги көрсөткүчтөрү

328мониторинг жана текшерүү
190келип түшкөн арыз
56кыйноо боюнча арыз
6реакция актысы
4жоопко тартылган кызматкер

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында санитардык ченемдердин бузулушу, тамак-аш менен камсыздоо көйгөйлөрү, медициналык тейлөөнүн кемчиликтери, мыйзамсыз тарифтердин киргизилиши жана инфраструктуранын эскиргендиги аныкталган.

Жаманбаева кошумчалагандай, административдик жана уюштуруучулук чечимдер кезектерди жоюуга жардам берди, мыйзамсыз тарифтер жокко чыгарылды. Ошондой эле Сокулук жана Панфилов ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларында капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, №2 аялдар колониясында жана №21 мекемеде кармоо шарттары жакшыртылды.

Докладда кыйноо фактылары боюнча арыздардын саны 56ны түзгөнү белгиленген. Бул боюнча 6 реакция актысы киргизилип, 4 кызматкер жоопкерчиликке тартылган.