Медико-социалдык экспертизаны өткөрбөстөн, кызматтык жоопкерчиликтерди кыянаттык менен колдонуу аркылуу «ИС МСЭК» маалыматтык системасына жасалма маалыматтар киргизилген. Натыйжада, 2025-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде 64 адамга пенсиялар негизсиз дайындалган.
Прокурорлордун текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча, аталган аракеттер мамлекеттик казынаны алдоо катары бааланып, кылмыш иши козголду. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Жалал-Абад облусунда 64 жаранга пенсиялардын мыйзамсыз дайындалышы аныкталды







