Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик ишкана «Кыргызфармация» тарабынан 2024-2026-жылдары жүргүзүлгөн дары каражаттарын сатып алууларда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.
Текшерүүлөрдө медициналык мекемелердин чыныгы муктаждыктарын эсепке албай, керексиз жана ашыкча товарлар сатып алынганы белгилүү болду. Натыйжада 60 аттуу дары каражатынын мөөнөтү өтүп кеткен, алардын жалпы наркы 74,1 млн сомду түзөт.
Мындан тышкары, медициналык жабдуулар да туура эмес негизде, тиешелүү арыздар жок сатып алынгандыктан, 63,8 млн сомдон ашуун баалуу жабдуулар колдонулбай, кампаларда жатканы аныкталды.
Бул мыйзам бузуулардан мамлекетке жалпы зыян 137 млн 950 миң сомго жакын деп эсептелүүдө. Башкы прокуратура тарабынан кызмат абалын кыянат пайдалануу жана мамлекетке зыян келтирген келишим түзүү боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.













