Илим, билим берүү жана инновациялар министрлиги МУКР имаратынын борбордук бөлүгүн өзүнүн ишине пайдаланат. Бул чечимдин натыйжасында окуу жайдын аудиториялары азаят жана окуу графиги өзгөрөт.

Биз сапаттуу билим алууну пландап окууга киргенбиз. Эмне үчүн биздин кызыкчылыктарды эсепке албай, окууга таасир эткен чечимдер кабыл алынууда? Биз адилеттүү мамиле жана нормалдуу шарттарды талап кылабыз.
Студенттердин социалдык тармактардагы кайрылуусу

Студенттердин айтымында, азыркы тапта эки сабак үчүн гана университетке келип, андан кийин үйүнө кайтып кетүүгө мажбур болушууда. Алар окуу процессине тиешелүү чечимдер өз кызыкчылыктарын эске албай кабыл алынып жатканына нааразы.

Университеттин өкүлү билдиргендей, «Шпиль» блогун боштоо талабы менен алар сабактардын расписаниесин өзгөртүүгө мажбур болушкан. Имараттын өзүндө бош орундар жетишпей жатканын кошумча белгилешти.

Министрлик тарабынан берилген маалыматка ылайык, университет жана колледждер өз имараттарында кала берет. Имараттын менчиги мамлекетке таандык экенин ведомство баса белгиледи.