Адилет Орозбеков Таш-Көмүрдөгү жаңыдан оңдолгон объекттердин ачылышына жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жаңы келген аскер кызматкерлеринин ант берүү аземине катышты.
Иш-чаранын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруучу отрядынын экинчи өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын оңдолгон имараты жана жаңы спорттук аянтча ачыкка чыгарылды.
Коопсуздук кеңешинин катчысы өз сөзүндө климаттын өзгөрүшү, табигый кырсыктардын көбөйүшү жана техногендик тобокелдиктер Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Жарандык коргонуу системасына жаңы талаптарды коюп жатканын белгиледи.
Ал тобокелдиктердин жана коркунучтардын таасирин азайтуу максатында мамлекет министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.
Ошондой эле Орозбеков 2026-жылдын күзкы чакыруусу менен кызматка келген жаш аскерлерди куттуктап, антке аткарууну, мекен алдындагы ыйык милдетти чын дилден аткарууну жана аскердик тартипти сактоону чакырды. Ал иш-чарага келген ата-энелерге ыраазычылык билдирди.















