10-ноябрда Москва шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйыны болуп өттү. Бул жыйында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков да катышты.
Талкуулардын жүрүшүндө жамааттык коопсуздукка коркунуч келтирген чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтаруу боюнча кызматташуунун негизги багыттары каралды. Ошондой эле, Уюмдун ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.
Бул жыйын ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2026-жылдын 11-ноябрында мамлекет башчыларынын катышуусунда өтө турган кезектеги сессиясынын алдындагы акыркы маанилүү этап болуп саналат.










