Жалал-Абад облусунун Ынтымак айылында курулуп жаткан имаратта өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен эки адам каза болгонун билдирди.

Облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя 22-ноябрда саат 20:38дө А. Каримбеков көчөсүндөгү курулуш объектисинде башталган. Өрттү өчүрүү үчүн жалпысынан үч өрт сквадраты тартылган. Саат 21:45те өрт локализацияланды, деп билдиришет.

Өрт учурунда үч адам жаракат алып, ооруканага жеткизилген. Алардын ичинен экөө ооруканада каза болуп, дагы бирөө реанимация бөлүмүндө жатат.