Баткен шаарынын Кызыл-Дон кварталында жашаган 17 жаштагы Алия Жолдошбаева 11-июлда саат 19:20 чамасында үйүнөн чыгып, дайынсыз жоголгон.
Анын туулган күнү 2009-жылдын 20-сентябры. Ички иштер башкармалыгына 16-июлда анын апасы арыз менен кайрылган.
Ал жоголгон факты электрондук журналга катталып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Издөөдө жүргөн кыздын өзгөчөлүктөрү
Алиянын тери өңү ачык, чачы кара, көздөрү жана көз краштары кара түстө. Бою болжол менен 160-165 сантиметр.
Ал психикалык жактан саламат экени белгилүү.
Кийими: кара көк түстөгү көйнөк, жашыл баш кийим жана көк жаздык бут кийим.
Ага байланыштуу кандайдыр бир маалымат болсо, Баткен ОИИБдин кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн төмөнкү телефон номерлерине кабарлаңыздар:
- 102
- (03622) 5-00-68
- 0225-30-10-20


