Антимонополия кызматы картошканын баасына мониторинг жүргүздү. Ысык-Көл облусунда килограммы 30–40 сомдон сатылса, Бишкектин базарларында орточо 35–45 сомду түздү. Бирок фермерлер картошканы дүңүнөн 15–17 сомдон гана өткөрүп жатышат.

Картошканын баасы (сом/кг)

30–40Ысык-Көл облусунда
35–45Бишкек базарларында орточо
15–17Фермерлердин дүң баасы
20–25Базарлардын дүң катарларында

Текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, Аламүдүн базарында баа 30–45 сом, Орто-Сайда 40–45 сом, ал эми Ак-Эмирде 35–60 сомго чейин жетет. Баанын айырмасы картошканын сортуна жана сапатына жараша болуп жатат.

Ысык-Көл облусу Кыргызстанда картошка өстүрүү боюнча башкы аймак болуп саналат. Картошка социалдык маанидеги товарларга кирет, анын чекене баасы дүң баадан жана ортомчулардын чынжырынан көз каранды.
Антимонополия кызматынын билдирүүсү

Фермерлер талаадан түшкөн картошканы алгач 12–15 сомдон саткан. Учурда түшүм жыйналган, алар чыгымдарын жабуу үчүн гана бир бөлүгүн сатып, калганын сактап жатышат.

Базарлардын дүң катарларында кап менен картошка 20–25 сомдон сатылууда. Орто-Сай базарындагы соодагерлер фермерлерден 24–25 сомдон алып, чекене соодада 40–45 сомго чейин жеткиришет.

Ак-Эмир базарында тандалган картошка 50–60 сомдон, ал эми 5 килограммдык пакеттеги картошка 35 сомдон сатылат. Базардын жанындагы жашылча павильондорунда баа болжол менен 40 сомду түзөт.