Жайыл районунун базарларында жаңы кулпунай сатыла баштады. Turmush басылмасынын маалыматы боюнча, бул быйылкы сезондун акыркы түшүмү.

Дыйкандардын айтымында, мөмөлөр Жайыл жана Панфилов райондорундагы плантацияларда өстүрүлгөн. Сезон аяктап бараткандыктан, баалар кулпунайдын көлөмүнө жараша бөлүнөт.

Кулпунайдын баасы (сом/кг)

300Чоң мөмөлөр
250–280Орточо мөмөлөр
180–200Майда мөмөлөр

Баалар төмөнкүчө: чоң кулпунайдын килограммы 300 сом, орточолору 250–280 сом, ал эми майдалары 180–200 сомдон сатылып жатат.