Ысык-Көл районуна караштуу Кош-Көл айылында көл жээгине палата түрүндөгү мончо орнотулгандыгы билдирилди. Күбөлөрдүн айтымында, бул мончодон кара түтүн чыгып жаткан. Бул окуя боюнча жарандардын видеолору интернет тармагында тарап, колдонуучулар тийиштүү мамлекеттик органдардан чара көрүүнү талап кылышкан.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспектору бул маселе боюнча чараларды ишке ашырган.

7 500 сом айып пул

Көлдүн жээгинде, тактап айтканда, №85 кесиптик лицейинин аймагында белгиленбеген жерде от жагып койгондугу үчүн айып пул салынды.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин тиешелүү беренесине ылайык, жеке жакка айып пул салынган.