Бишкек шаарында өткөн өнөр жайды өнүктүрүү боюнча регионалдык форумдун алкагында Кыргызстандарттын лабораторияларына жаңы жабдыктар сатып алынганы билдирилди. Бул жаңылыктарды 5-ноябрь күнү Экономика министрлигине караштуу Стандартизация жана метрология борборунун директорунун орун басары Абдыманап Карымшаков айтты.

Сатып алынган жабдыктар массаны, температураны, нымдуулукту, басымды жана суюктуктун көлөмүн өлчөө үчүн колдонулат. ЮНИДО долбоорунун максаты — мөмө-жемиш өнөр жайындагы кошумча нарк чынжырларында стандарттарды сактоо потенциалын чыңдоо аркылуу кичи жана орто бизнестин рынокко жетүүсүн камсыз кылуу.

Абдыманап Карымшаковдун белгилегендей, Кыргызстандарт — улуттук стандартизация жана метрология органы болуп саналат. Улуттук стандарттардын сакчысы катары анын алты эталондук лабораториясы Германиянын аккредитациялоо органы тарабынан тастыкталган жана жыл сайын текшерүүдөн ийгиликтүү өтүп турат.

Улуттук аккредитациялоо системасында 50ден ашык текшерүү, калибрлөө жана сыноо лабораториялары иштеп жатат. Ошондой эле, борбордун базасында 24 257 стандарт бар, аларды интернет-дүкөн аркылуу сатып алууга болот.

Борбордун негизинде башка системаларды башкаруу боюнча сертификаттоо органдары аккредитацияланган. Алардын ичинде төмөнкү стандарттар бар:

  • ISO 22000 (HACCP)
  • ISO 9001