8-ноябрдын эртең менен Ош облусунда магнитудасы 3,7 болгон жер титирөө болду. Жер кыймылы жергиликтүү убакыт менен саат 05:14да катталган.
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун билдирүүсүнө караганда, жер титирөөнүн эпицентри Бор-Дебе айылынан 5 километр түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан.
Сейсмологдордун айтымында, окуянын очагынын тереңдиги 15 километрди түздү. Эпицентрде жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү болжол менен 3,5 баллга жеткен болсо, Бор-Дебе айылында жер кыймылы 3 баллдык күчтө сезилген.
Учурда жабыркагандар же имараттардын бузулушу боюнча маалыматтар жок.











