12-июлда социалдык тармактарда Иссык-Кулдун аймагындагы теплоходтон кара түтүн чыгып жаткан видео көптөн бери талкууга түшүп, айлана-чөйрөгө зыян келтирип жатканына тургундар нааразылыгын билдиришти.

13-июлда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү жылана барып, кара түтүндүн чыгышы боюнча текшеруу жүргүзүшүп, натыйжада мыйзам бузуу катталгандыгынан улам ээси 23 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Теплоходтун ээси болсо, эски күйүүчү майдын запасы жок болгондуктан, сапаты төмөн май койгонун жана азыр ал толук алмаштырылганын билдирген.

Текшерүү учурунда кара түтүн чыгуу фактысы жок экени аныкталган, бирок буга чейинки рейсте экологиялык нормалар бузулган учур бар экени тастыкталган.