Кок-Арт дарыясындагы суу сактагычтын көлөмүн кичирейтүү боюнча чечим кабыл алууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жыйынында айыл чарба министрлигинин орун басары Бактыбек Анаркулов билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы башталган изилдөөлөрдүн жыйынтыгында алгачкы долбоор 17 миллион кубометр суу сактагычты караган. Бирок жергиликтүү калктын сунуштарынан кийин долбоорду өзгөртүү маселеси көтөрүлүүдө.
Суу сактагычтын көлөмү17 млн м³10 млн м³ −41%
Долбоорду өзгөртүүнүн негизги себептери катары эс алуу зоналарынын, токойлордун болушу жана жер тис тимкирлеринин коркунучу көрсөтүлүүдө. Учурда суунун ордун которуу же 5 миллион кубометрден турган эки өзүнчө суу сактагыч куруу деген экинчи вариант да каралууда.
Проекттик институт кытайлык компания менен биргеликте иш алып барууда. Техникалык-экономикалык негиздерди изилдөө учурунда жүрөт, ал эми акыркы чечим 2027-жылы кабыл алынышы мүмкүн.
Суу жок деп айтып жатабыз, ал эми ал жылдар бою Өзбекстанга агып кетип жатат. Каралган дамбаны кура элекче, Багыш районунун Сузак айыл өкмөтүн суу менен камсыз кыла албайбыз.
Депутат бир нече үй же жеке эс алуу зоналары суу болуп кетпеши үчүн долбоорду тездетүүнү суранды.











