Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты, — деп билдирди Президенттин Администрациясы.
Мамлекет башчысына акыркы беш жыл ичинде райондун республикалык бюджеттен алган каржылоосу кыйла өскөнү маалымдалды. 2021-жылы 142,5 млн сом болгон каражат 2026-жылдын 10 айында 1,8 млрд сомго жетип, 12 эседен ашык көбөйгөн.
Ысык-Көл районунун экономикалык көрсөткүчтөрү
Өнөр жай тармагында да олуттуу өсүш байкалууда. 2026-жылдын 10 айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 826,2 млн сомду түзүп, бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн алты эсе артык. Жыл аягында бул көрсөткүч 1,2 млрд сомго чейин жетиши күтүлүүдө.
Социалдык инфраструктура жана жолдор
Акыркы беш жыл ичинде социалдык объекттердин курулушуна чоң көңүл бурулган. Анын алкагында мектептер, бала бакчалар жана медициналык пункттар ишке киргизилген.
- 6 мектеп жана 9 бала бакча
- 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 9 фельдшердик-акушердик пункт
- 7 спорт зал жана 13 кичи футбол аянтчасы
- Таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча 7 долбоор
Жолдорду оңдоо иштери да активдүү жүрүп жатат. Жалпысынан 220 чакырым жол асфальтталган, анын ичинде 175 чакырым автомобиль жолу республикалык бюджеттин эсебинен, ал эми 45 чакырым ички көчө жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалган.

















