Ысык-Көлдө өткөн эл аралык «Чыгыштын күн палитрасы» пленэри Кыргызстан, Россия, Беларуссия, Грузия, Азербайджан, Өзбекстан, Армения, Тажикстан жана Түркмөнстандан келген сүрөтчүлөрдү бириктирди.
Иш-чаранын негизги максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, чыгармачыл мамилелерди бекемдөө, кесиптик тажрыйба алмашуу жана Кыргызстандын табигый, тарыхый- маданий мурастарын сүрөт искусствосу аркылуу жайылтуу.
Жети күндүн ичинде катышуучулар Ысык-Көлдүн кооз жерлеринде жана тарыхый жайларында иштешип, кыргыз элинин маданияты жана көчмөн цивилизациясынын мурасы менен таанышышты.
Пленэрге катышкандар
Пленэрдин жыйынтыгында 400дөн ашык сүрөт иштери жаралып, алар Кыргызстандын жаратылыш сулуулугун, тарыхый эстеликтерин жана улуттук колоритин чагылдырышты.
Иш-чаранын программасында лекциялар, сүрөт искусствосу окуу жайларынын презентациялары, чыгармачыл жолугушуулар жана профессионалдык талкуулар болду.








