Кытайдагы Кызыл-Суу-Кыргыз автоном районунда XII эл аралык культурдык туризм фестивалы «Памир мира — Вечный Манас» 13-июлда ачылды.
Фестиваль эпос «Манас» тууралуу маданий мурасту сактоого жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган.
Иш-чара 20-июлга чейин уланмакчы жана анын алкагында эл аралык форум, маданий көргөзмөлөр жана концерттер уюштурулат.
Ачылышка Кыргызстандын Улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков катышты.
Фестивалда маданият жана туризм багытындагы кызматташтык тууралуу бир катар келишимдер түзүлдү.
Ошондой эле «Манас Медиа» мобилдик тиркемеси жана жаңы маданий долбоорлор сунушталды.
Ачылуу аземине 15 миңдей адам катышты, ал эми түз эфир 40тан ашык маалымат платформасында көрсөтүлүп, жалпысынан 21,7 миллион көрүүчүнү топтоду.












