Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Исык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул учурда аймактагы социалдык объекттердин курулушуна өзгөчө көңүл бурулганы белгиленди.

Президенттин администрациясынын билдирүүсүнө таянса, аймакта билим берүү жана ден соолукту чыңдоо объекттеринин саны дагы өскөн.

Ишке киргизилген объекттер

6мектеп
9бала бакча
4үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу
9фельдшердик-акушердик пункттар
7спорт залдары
13мини-футбол аянтчалары

Мындан тышкары, калктын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында 7 долбоор ишке ашырылган.