Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы тууралуу өткөн конференцияда Медеткан Шеримкулов өз оюн билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарыхын тактап, аны жаш муунга жеткирип берүү өтө маанилүү.

Кыргыздар — кылымдар бою өткөн, тарыхта калган жана мамлекет курган эл. Биз тарыхыбызды тактап, аны кеңири айтып беришибиз керек. Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө айта турган көп нерселер бар.
Медеткан Шеримкулов

Шеримкулов мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнө салым кошкон тарыхый инсандардын өмүрүн жана ишмердүүлүгүн даңзоолотуу зарылдыгын баса белгиледи. Ал президент Садыр Жапаров эки жыл мурун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү деп атаган беш инсандын ролун элге кеңири таанытуу керектигин айтты.

Жусуп Абдрахманов жөнүндө тартылган тасма демилге катары жакшы иш деп бааланган болсо, Шеримкулов башка инсандар жөнүндө да көркөм тасмаларды тартууну сунуштады. Ал Иманали Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жана Абдыкерим Сыдыков жөнүндө тасмаларды тартуу зарыл экенин белгиледи.

Бул беш инсан менен гана чектелбейт. Алардын артында мамлекеттүүлүктүн калыптанышына катышкан ондогон, жүздөгөн, миңдеген адамдар турган. Биз тарыхый инсандар жөнүндө тасмаларды тартып, алардын өмүр жолун жана эмгегин, өзгөчө жаштар арасында айтып беришибиз керек. Ошондо гана биздин тарых үзүлбөйт.
Медеткан Шеримкулов