Панфилков районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп Бекжан Шаршенов дайындалды. Бул тууралуу Turmush агенттиги билдирди.
Жаңы кызмат ордуна дайынга чейин Бекжан Шаршенов райондук финансы башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеп келген. Ал 13-ноябрда райондун акими Бекмаат Масаидов тарабынан эмгек жамааты менен тааныштырылды.
Бекжан Шаршенов 1990-жылдын 15-январында Күрпүлдөк айылында төрөлгөн. Ал И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөн.
Учурда ал үй-бүлөлүү жана үч кыздын атасы.













