Президент Садыр Жапаров 13-ноябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүү максатында Иссык-Көл облусуна иш сапары менен жөнөдү, - деп билдирди Turmush корреспонденти.

Маалыматка ылайык, саат 14:00дө мамлекет башчы Түп жана Ак-Суу райондорунун, ошондой эле Каракол шаарынын тургундары менен жолугушат. Бул иш-чара Иссык-Көл облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйын залында өтөт.

Учурда президент менен жолугушуу үчүн шаардык жана айылдык тургундардын көпчүлүгү чогулуп, көптөгөн жарандар Каракол шаарына эртең мененден эле келишкен.